Бишкек шаарынын башкы планы боюнча жыйын өттү
Бүгүн, 22-январда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаардык башкы шаар куруу жана архитектура башкармалыгында куруучу, архитекторлор менен Бишкек шаарынын башкы планын иштеп чыгуучулардын жолугушуусу болуп өттү. Жыйынга Шаар куруу жана архитектура департаментинин директору Данияр Бапышов, Бишкек шаардык башкы шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Медербек Кыдырмаев жана Бишкек шаарынын вице-мэри Азамат Кадыров катышты. Перспективдүү шаарлар боюнча илимий -изилдөө институтунун башкы архитектору Ирина Гришечкина башкы план тууралуу кенен айтып берип, чогулгандардын бардык сунуштарын жана сын-пикирлерин укту. Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө курулуш жана архитектура тармагында эмгектенген жеке компаниялардын өкүлдөрү тарабынан да бир топ сунуш-пикирлер айтылды.
