Канатбек Ишенбек уулу Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Ат-Башы райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев кол койду.
Бүгүн, 7-апрелде Шаар куруу жана архитектура департаментинин директорунун орун басары Талант Назарбеков жаңы дайындалган жетекчини башкармалыктын эмгек жамаатына тааныштырып, анын кызматтык ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады.
Канатбек Ишенбек уулу буга чейин Ат-Башы райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын Долбоорлоо бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган кызматты Мамытов Аскарбек Жаныбекович аркалап келген жана жазган арызынын негизинде кызматтан бошотулду.
