Тургуналиев Аман Тургуналиевич Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Москва райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев кол койду.

Жаңы дайындалган жетекчини Шаар куруу жана архитектура департаментинин директорунун орун басары Дастан Ураанов башкармалыктын эмгек жамаатына тааныштырып, анын кызматтык ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады.