Жанашов Максатбек Мурзамаматович Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Сузак райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев кол койду.
Шаар куруу жана архитектура департаментинин Жалал-Абад регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын начальниги Дастан Кадыров жаңы дайындалган жетекчини башкармалыктын эмгек жамаатына тааныштырып, анын кызматтык ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады.
Жанашов Максатбек Мурзамаматович буга чейин Сузак райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыктын начальнигинин орун басары болуп иштеп келген.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган кызматты Коконов Нурлан Оролбекович аркалап келген жана өз арызынын негизинде кызматтан бошотулду.
