Майрамбек уулу Ислан Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Кемин райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев кол койду.

Шаар куруу жана архитектура департаментинин Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Замира Кангельдиева жаңы дайындалган жетекчини башкармалыктын эмгек жамаатына тааныштырып, анын кызматтык ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады.

Майрамбек уулу Ислан буга чейин Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгында жеке турак жай бөлүмүнүн башкы адиси кызматын аркалап келген. Ал эми аталган кызматта буга чейин Ахматов Асанкары Садыркулович иштеп, жазган арызынын негизинде кызматтан бошотулду.