27-июнда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Таш-Көмүр шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы административдик имаратынын ачылыш аземине катышты.
 
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев жаңы имараттын курулушу министрликтин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана архитектура тармагындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу багытындагы иштердин алкагында ишке ашырылганын белгиледи.
 
Курулуш иштери 2025-жылдын күзүндө башталган. Жалпы аянты 271,9 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имаратта жыйындар залы, күтүү залы, архив, кабылдама, “Бирдиктүү терезе” кызматы жана техникалык бөлмөлөр жайгашкан. Заманбап талаптарга ылайык курулган имарат кызматкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп, жарандарга сапаттуу кызмат көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
 
Буга чейин башкармалыктын жамааты эски имаратта иш алып барып келген.
 
Белгилей кетсек, 2025-жылдан тартып аймактардагы архитектура башкармалыктарынын административдик имараттарын жаңылоо иштери жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин республика боюнча 10дон ашык жаңы имарат пайдаланууга берилди. Алар мамлекеттик бюджеттен эмес, министрликтин ички каражаттарынын эсебинен курулууда.