Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Таш-Көмүр шаардык башкармалыгынын архитекторлору тарабынан Таш-Көмүр шаарындагы “Капитальная” көпүрөсүн кайра жандандырып, туристтик объектке айландыруу боюнча эскиздик долбоор иштелип чыкты.
Белгилей кетсек, “Капитальная” көпүрөсү мурда Таш-Көмүр шаарындагы Шахта башкармалыгы тарабынан көмүр өндүрүшүндө пайдаланылып келген. Көпүрө аркылуу көмүр атайын жол менен ташылып, темир жолго жеткирилип, андан ары поезддер аркылуу ташылып турган.
Советтер Союзу тарагандан кийин Шахта башкармалыгы тарабынан көмүр өндүрүү токтотулуп, көпүрө пайдаланылбай, кароосуз калган.
Бүгүнкү күндө пайдаланылбай турган аймактарды иретке келтирүү жана шаардын туристтик потенциалын жогорулатуу максатында аталган аймакты заманбап эс алуу жайына айландыруу сунушталууда.
Таш-Көмүр шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы тарабынан жалпы аянты 19 650 чарчы метр (1,96 гектар) болгон аймакты өнүктүрүүнүн эскиздик долбоору даярдалып, анда ресторан, айлана-чөйрөнүн жана шаардын көрүнүшүн бийиктен көрүүгө мүмкүнчүлүк берген панорамалык A-frame үйлөрү, ошондой эле эс алуу аллеясын жайгаштыруу каралган.
Иштелип чыккан эскиздик долбоор тиешелүү жергиликтүү мамлекеттик органдарга кароого жана сунуштарды эске алуу үчүн жөнөтүлдү.
