КР Мамкурулуш агенттигинин Талас регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан Талас шаарындагы Эшимкан Мадиев көчөсүнө курула турган сквердин эскиздик долбоору иштелип чыкты. Жергиликтүү тургундарга жагымдуу шарт түзүү максатында Э. Мадиев көчөсүнүн күн батыш тарабына Ч. Айтматов көчөсүнөн тарта Бердике Баатыр көчөсүнө чейинки аралыкка сквер куруу пландалган.
Буга кошумча Талас шаарына жаңы типтеги аялдамаларды куруу пландалып, КР Мамкурулуш агенттигинин Талас регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан 5 түрдүү вариант даярдалды. Бүгүнкү күндө эскиздик долбоорлор Талас шаарынын мэриясынын кароосуна сунушталды.