2024-жылдын 5-октябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Шаар куруу жана архитектура департаменти Бүткүл дүйнөлүк архитектура күнүнө арналган жыл сайын өтүүчү кичи футбол боюнча турнирди өткөрдү.
Турнирге республика боюнча регионалдык Шаар куруу жана архитектура башкармалыктарынын өкүлдөрү катышты. Оюн жогорку деңгээлде өтүп, командалар мыкты даярдыктарын көрсөтүштү. Жыйынтыгында төмөнкү командалар жеңүүчү болушту:
- 1-орун — Ош облустук Шаар куруу жана архитектура башкармалыгы;
- 2-орун — Ош шаардык Шаар куруу жана архитектура башкармалыгы;
- 3-орун — Чүй облустук Шаар куруу жана архитектура башкармалыгы.
Бул спорттук иш-чара шаар куруу жана архитектура тармагындагы кызматкерлер арасында ынтымакты чыңдоо максатында өткөрүлүп, салттуу түрдө жыл сайын уюштурулууда.