Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, аймактардагы архитектура башкармалыктарынын ишин жакшыртуу жана жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Аталган тапшырманын негизинде Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин директорунун орун басары Талант Назарбеков Баткен облусуна барып, жергиликтүү архитектура башкармалыктарынын ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты.
Белгилей кетсек, Баткен облусу боюнча 4 архитектура башкармалыгы иш алып барат:
-Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы
-Лейлек райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы
-Кадамжай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы
-Кызыл-Кыя шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы.
Аталган башкармалыктардын иш процесстери жеринде талданып, жарандарга кызмат көрсөтүүдө ыңгайлуу жана жеткиликтүү шарттарды түзүү, ошондой эле санариптик кызматтарды өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.
Мындан тышкары, айрым башкармалыктардын ишинде кемчиликтер аныкталып, аларды жоюу жана ишти оптималдаштыруу боюнча бир айлык мөөнөт белгиленди. Бул аралыкта кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатуу жана башкармалыктардын жоопкерчилигин күчөтүү милдети коюлду.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги реформалык багыттагы иштерди ырааттуу улантып, аймактык түзүмдөрдүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана жарандарга көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жаңы деңгээлге чыгарууга өзгөчө көңүл бурууда.
