Курулуш тармагында жүргүзүлүп жаткан санариптик трансформациянын алкагында бардык ички жана тышкы процесстерди этап-этабы менен электрондук форматка өткөрүүгө багытталган чаралар ишке ашырылууда.
Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Бактыяр Станбековдун төрагалыгы алдында Бишкек шаардык шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын базасында 2026-жылдын I кварталынын жыйынтыгын чыгаруу жана мурда берилген тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча жумушчу жыйын өттү.
Жыйындын жүрүшүндө санариптик форматка өтүүнүн сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрүн камтыган отчет берилди. Маалыматка ылайык, автоматташтырылган маалыматтык система киргизилгенден бери башкармалык тарабынан 5 миңден ашуун уруксат берүүчү документтер берилип, арыз ээлери аларды онлайн форматта алган.
Министрдин орун басары бардык иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде макулдашуунун ички процесстерин жана мекемелер аралык өз ара аракеттенүүнү толугу менен электрондук форматка өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Ошондой эле уруксат берүүчү документтерди берүү мөөнөтүн кыскартуу, колдоо кызматынын ишин күчөтүү жана жарандар менен юридикалык жактар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында ички процедураларга деталдуу талдоо жүргүзүү тапшырылды.
