Рахманов Кыялбек Дурусбекович Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Кара-Көл шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев кол койду.
Шаар куруу жана архитектура департаментинин Жалал-абад регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын начальниги Дастан Кадыров жаңы дайындалган жетекчини башкармалыктын эмгек жамаатына тааныштырып, анын кызматтык ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады.
Рахманов Кыялбек Дурусбекович буга чейин Жалал-абад регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгында 2020-жылдан тартып коомдук курулуштар багыты боюнча шаар куруу бөлүмүнүн жетектөөчү адис кызматын аркалап келген.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган кызматты Ташыкулова Напиза Шатемировна аркалап келген жана өз арызынын негизинде кызматтан бошотулду.
