Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, аймактардагы архитектура башкармалыктарынын ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу боюнча комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Аталган тапшырманын алкагында Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин директорунун орун басары Талант Назарбеков Ош облусуна иш сапары менен барып, жергиликтүү архитектура башкармалыктарынын ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты.
Белгилей кетсек, Ош облусунда жалпы 10 архитектура башкармалыгы иш алып барат:
• Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы;
• Кара-Суу шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы;
• Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы;
• Өзгөн шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы;
• Өзгөн райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы;
• Кара-Кулжа райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы;
• Араван райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы;
• Ноокат райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы;
• Алай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы;
• Чоң-Алай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы.
Иш сапардын жүрүшүндө башкармалыктардын иш процесстери талданып, жарандарга кызмат көрсөтүүдө ыңгайлуу жана жеткиликтүү шарттарды түзүү, ошондой эле санариптик кызматтарды өнүктүрүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
Мындан тышкары, айрым башкармалыктардын ишинде кемчиликтер аныкталып, аларды жоюу жана ишмердүүлүктү жакшыртуу боюнча бир айлык мөөнөт белгиленди. Ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу жана жоопкерчиликти күчөтүү милдети коюлду.
Курулуш министрлиги реформаларды ырааттуу ишке ашырууну улантып, аймактык түзүмдөрдөгү иштин натыйжалуулугун жогорулатууга жана жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жаңы деңгээлге чыгарууга өзгөчө көңүл бурууда.
